Радио

Турумбеков: жумушчулар ишинин кооптуулугуна жараша камсыздандырылат

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу башкармалыгынын жетекчиси Актан Турумбеков өндүрүштө иштегендер кандай негизде камсыздандырыларын айтты.
Sputnik
Камсыздандыруу мыйзамы 2008-жылы кабыл алынган. Аны аткарбагандарга эч кандай чара көрүлчү эмес, азыр мыйзамга толуктоолор киргизилгендиктен камсыздандыруу милдеттүү түрдө жүрөт. Бул тууралуу Актан Турумбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тигүү цехтеринде иштегендердин жумуш ордунда келишимде көрсөтүлгөн кооптуулук болсо, тигүүчүлөр да камсыздандыруу келишимин түзө алышат.
"Өнөр жай кызматкерлерин камсыздандыруу келишими жумуш берүүчүнүн берген маалыматы боюнча жүргүзүлөт. Ишканада канча адам иштесе, алар тууралуу толук маалымат берет. Анда жумушчулардын ар биринин аткарган кызматы жана бир жылдык маянасы да көрсөтүлөт. Буга ылайык, токтом менен бекитилген чен бирдигинин негизинде камсыздандыруу уюмуна жылына төлөм жүргүзүлүп, келишим түзүлөт. Бул иш берүүчүнүн адистик тармагынан да көз каранды. Мисалы, ал тоо-кен иштерин жүргүзсө сөзсүз маселелер көбөйөт. Ал эми жөнөкөй эле ишкана болсо, анда алардын тарифтери башкача болот. Себеби анда адам өмүрүнө кооптуу тобокелдик анчалык жогору эмес. Ошондой эле административдик кызматкерге төмөнкү, ал эми ишкананын кооптуу жеринде иштеген кара жумушчуга жогору тариф төлөнөт", — деди Актанов.
Ал камсыздандыруу уюму мамлекеттик болгондуктан акча жеке адамдардын чөнтөгүнө кетпей турганын кошумчалады.