ЕАЭБдин экономикасы дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөрдөн тез өсүүдө

ЕАЭБде эки жыл катары менен экономикалык көрсөткүчтөр дүйнөлүк темптен озуп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. ЕАЭБдин экономикасы ички суроо-талаптын, мамлекеттик инвестициялардын жана аймактык соода жүргүзүүнүн өзгөрүшүнөн улам өсүштү камсыздоодо. Бул тууралуу ЕЭКтин Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Аскар Жапаркулов билдирди.
Ал былтыр ЕАЭБдин ИДПсы дүйнөлүк экономиканын өсүү темпин басып өтүп, 3,8 пайызга өскөнүн белгиледи.
"Быйыл уюмдун ИДПсы былтыркыдан дагы жогору, тагыраагы, 4,6 пайызга өстү", — деп айтылат ЕЭКтин билдирүүсүндө.
Комиссиянын өкүлү ЕАЭБдин жашыл трансформациясы союздаш өлкөлөрдүн туруктуу өсүшкө жетүүсүнүн инструменттеринин бири экенин белгиледи.
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн электр энергиясын импорттоону улантат