Путин Эл аралык укуктардын өнүгүүсүн шарттаган конвенцияга кол койду

Жаңы документтин КМШ менен Россиянын эл аралык укуктарынын өнүгүүсүнө маанилүү салым болорун айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Москвада өткөн КМШнын мамлекет башчыларынын отурумунда РФ лидери Владимир Путин Шериктештиктин өлкөлөрүнө багытталган делегациялардын укуктук макамы туурасындагы конвенцияга кол койду.
Документ Россия тарабынан иштелип чыккан. Ал — КМШ ТИМдеринин укуктук кызматтарынын консультативдик комитеттеринин жетекчилеринин көп жылдык ишинин жыйынтыгы.
Конвенция КМШ менен Россиянын эл аралык укуктарынын өнүгүүсүнө маанилүү салым болмокчу. Документ КМШнын уставдык базасындагы мүчө мамлекеттердин делегацияларынын макамын жөнгө салуу жаатындагы укуктук боштукту толтурууга багытталган. Конвенция шериктештиктин иштешинин укуктук негиздерин, ошондой эле эл аралык укукту, анын ичинде мамлекеттердин суверендүүлүк теңдик принцибин чыңдоонун маанилүү элементи болуп саналат.
Комиссия: КМШ менен кызматташуу ЕЭКтин салттуу артыкчылыгы болуп саналат