Ош шаарында "Унаанын" күнү-түнү иштеген бөлүмү ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик (мурдагы "Унаа" мамлекеттик ишканасы) Ош шаарында күнү-түнү иштеген бөлүмү ачылганын кабарлады.
Мекеме Навои көчөсүндө жайгашкан.
Ишкананын директору Улан Карыпбеков бул мамлекеттик кызматтарды модернизациялоо жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жасалган дагы бир кадам экенин белгиледи.
"Бөлүм шаардын тургундарына жана конокторуна транспорт каражаттарын каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү алууга байланышкан бардык маселелерди тез арада чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул иштеген жарандар үчүн өзгөчө маанилүү", — деди ал.
Карыпбеков Бишкек шаарындагы ушундай эле бөлүмгө эл оң баа бергенин белгиледи.
Ишкана башка аймактардын да мамлекеттик номерлери менен камсыздалган, бул облустун тургундарына гана эмес, Ош шаарынын конокторуна да кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Жарандар үчүн кассалар 24 саат иштеп, төлөм терминалдары орнотулган. Ошондой эле мобилдик тиркемелер аркылуу же тиркемени толтурууда экранда пайда болгон QR-кодду колдонуп, кызматтар үчүн төлөөгө болот.
"Унаа" мекемесинин мурдагы жетекчиси иштен алынып, жаңы директор дайындалды