Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, өлкө башчы 11-октябрда Ашхабад шаарында түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган "Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи" аттуу эл аралык форумга катышмакчы.
Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин жана башка өлкөлөрдүн башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.
Садыр Жапаров Сельчук Байрактарды кабыл алып Даңк ордени менен сыйлады