Президент алтын саткан дүкөнгө барып, байларды акчаны алтынга салууга чакырды

Өлкө башчы алтын сатып алууда эч кандай чектөө болбошу керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз алтындын" алтын куймаларын саткан дүкөнгө барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, дүкөн ачылган 5-сентябрдан бери 50 миллион сомго алтын куймаларды сатып, компаниянын кирешеси 3 миллион сомду түзгөн.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз алтындын" алтын куймаларын саткан дүкөнгө барды

2 / 3

Ага ылайык, дүкөн ачылган 5-сентябрдан бери 50 миллион сомго алтын куймаларды сатып, компаниянын кирешеси 3 миллион сомду түзгөн

3 / 3

Өлкө башчы алтын сатып алууда эч кандай чектөө болбошу керектигин белгиледи

Өлкө башчы алтын сатып алууда эч кандай чектөө болбошу керектигин белгиледи.
Жапаровдун алтынга салынган инвестициянын кирешелүүлүгү тууралуу суроосуна "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчиси Кубат Абдраимов эки жыл мурун бир килограмм алтын сатып алгандар азыркы базар баасын эске алганда бүгүн 34 миң доллар киреше менен сата аларын билдирди.
Ажо алтын сатып алуу каражат салуунун ишенимдүү жана кирешелүү экенин белгилеп, колунда бар, бай жарандарды аманаттарын алтынга салууга үндөдү.
Акылбек Жапаров: Кумтөр дагы 20-30 жыл кенен иштетилет