Көмүр кенге мыйзамсыз жол курулуп, мөңгү талкаланган. Прокуратура иш козгоду

Мамлекеттик ишкананын кызмат адамдары экологияга эбегейсиз зыян келтиргени айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Көмүр кенге уруксатсыз жол салып, мөңгүнү талкалагандарга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "К.К." мамлекеттик ишканасынын "Түштүк" филиалынын кызмат адамдары мыйзам бузганы аныкталган.

"Шектүүлөр "С" ЖЧКсынын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп, Ош токой чарбасынын Загара-2 тилкесинде узундугу 6 миң 100 метр, туурасы 9 метрлик (29 400 м2) жолду мыйзамсыз кургандыгынын натыйжасында 9 миң 392 чарчы метр аянттагы мөңгү талкаланып, жер кыртышы бузулган", — деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу" беренелери менен кылмыш иши козголду.
Мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү экспертизалардын жыйынтыгы менен белгилүү болору кошумчаланды.
"Тазалык" ишканасында 7,1 миллион сом коромжу болуп, иш козголду