Өспүрүм кулап каза болгон үйдү салып жаткан курулуш компаниясынын иши токтотулду

Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Объектисинде 16 жаштагы өспүрүм учуп көз жумган курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулду. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим 9-октябрда кабыл алынган.
"Ош шаарындагы Шамшиев көчөсү, 1 дарегинде курулуп жаткан турак үйдө адам өлүмүнө алып келген курулуш учурундагы коопсуздук техникасынын талаптарын бузууларга байланыштуу укук коргоо органдары тарабынан тергөө жүргүзүлүп, "Артвин групп кейджи" курулуш компаниясынын лицензиясынын колдонулушун токтото туруу чечими кабыл алынган", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 5-октябрда Ошто курулушта иштеп жаткан 16 жаштагы бала 13-кабаттан кулап кетип, каза болгон.
Ош: Ноокаттагы каргашадан кийин облустагы диний окуу жайларга камера коюу тапшырылды