"Росатом" Миң-Куштагы эки калдык сактоочу жайды зыянсыздандырып бүттү

Россия уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча аракеттерди колдоону улантууга даяр экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Миң-Куштагы уулуу калдыктар сакталуучу жайлар эл аралык стандарттар боюнча рекультивацияланууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
1 / 6

Миң-Куштагы уулуу калдыктар сакталуучу жайлар эл аралык стандарттар боюнча рекультивацияланууда

2 / 6

10-октябрда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана "Росатом" корпорациясынын башкы директорунун орун басары Николай Спасский Миң-Кушка барышкан

3 / 6

Тараптар уран калдыктарын рекультивациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышканы айтылды

4 / 6

ӨКМ рекультивациялык иштерди активдүү жүргүзүп, МАГАТЭ (Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик) тарабынан белгиленген эл аралык коопсуздук стандарттарын сактоодо

5 / 6

Учурда "Как" жана "Талды-Булак" калдык сактоочу жайларындагы иштер аяктады, ал эми "Туюк-Суу" калдык сактоочу жайындагы жумуштар соңуна чыгып калды

6 / 6

Министр Ажикеев бардык иштер эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүлүп жатканын белгилеген

Маалыматка ылайык, 10-октябрда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана "Росатом" корпорациясынын башкы директорунун орун басары Николай Спасский Миң-Кушка барышкан. Тараптар уран калдыктарын рекультивациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышканы айтылды.
"ӨКМ рекультивациялык иштерди активдүү жүргүзүп, МАГАТЭ (Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик) тарабынан белгиленген эл аралык коопсуздук стандарттарын сактоодо. Учурда "Как" жана "Талды-Булак" калдык сактоочу жайларындагы иштер аяктады, ал эми "Туюк-Суу" калдык сактоочу жайындагы жумуштар соңуна чыгып калды", — деп айтылат маалыматта.
Министр Ажикеев бардык иштер эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүлүп жатканын белгилеген. Ал эми "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун орун басары Николай Спасский жетишилген прогрессти жогору баалап, Россия тарап бул демилгелерди колдоону улантууга даяр экенин ырастаган.
Миң-Куштагы "Туюк-Суу" калдык сактоочу жайы быйыл зыянсыздандырылып бүтөт