Көрүстөнгө эстелик орнотуунун нускамасын киргизүү каралууда

Токтомдун негиздемесинде маркумдун көзү тирүүсүндө айткан керээзи эске алына турганы жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Өлкөдө каза болгондорго эстелик жана мемориалдык белгилерди/такталарды орнотуунун нускамасын киргизүү каралууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга жайгаштырылды.
Анын негиздемесинде маркумдун көзү тирүүсүндө айткан керээзин эске алуу керектиги токтомдо камтылганы жазылган. Мындан тышкары, атайын (жалпы колдонуудагы эмес) көрүстөндөргө кошумча уруксаттар жана эрежелер колдонулары белгиленген.
Бийлик төмөнкү талаптарды киргизүүгө белсенүүдө:
эстеликтин бийиктиги 2 метрге чейин болушу керек;
негизинин узун-туурасы 1,5 метрге чейин болушу шарт;
эстеликтеги жазуулар бир шрифт менен жазылып, аты-жөнү, туулган жана каза болгон даталар так көрсөтүлүшү керек;
эстеликтерди жергиликтүү башкаруу органдарынын, Сөөк коюу кызматынын уруксаты менен гана орнотууга болот;
эстеликтерди адистештирилген уюмдар же тиешелүү квалификациясы бар адамдар гана орното алат.
Буга чейин Садыр Жапаров элге кайрылып, көрүстөндөргө эстелик менен темир тосмолорду орнотпоого чакырган.
Новопавловка мусулман-христиан көрүстөнүнө сөөк коюу токтотулду