Пресс-борбор

Бир муундан ажырап калуу коркунучу турат. Кыргызстандагы баңгилик тууралуу

Баңгизаттын жаңы түрү мээни катуу жабыркатат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстанда баңгичилик тездик менен "жашарып" баратканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде "Өмүрдү тандоо" коомдук фондунун директору Анна Губаренко билдирди.
"Өмүрдү тандоо" коомдук фондунун директору Анна Губаренко
Анын айтымында, Кыргызстанда баңгиликке кабылган өспүрүмдөрдүн саны өсүүдө.

"Өспүрүмдөр арасында баңгизаттарды колдонуу тенденциясы көбөйүп жатканы байкалууда. Көптөгөн мектептерди кыдырып чыктым. Ошолордун арасынан капсулаларды жана баңгизаттардын бөтөлкөлөрүн көрбөгөн бир дагы мектеп болгон жок. Дарыкана баңгилиги өнүгүүдө", — деди Губаренко.

Ал кошумчалагандай, дарыканаларда психотроптук препараттар медиктердин рецептисиз сатылууда.
"7-8-класстын окуучулары тумоолоп жатам демиш болуп мурдуларына баңгизат препараттарын сээп жүрүшөт. Алар чогулуп, мейманканаларды ижарага алып, жумалап жатып психотроптук заттарды колдонушу мүмкүн. Алар бир нече күндөп уктабайт. Муну "марафондоо" деп коюшат. Эмне үчүн конкреттүү чаралар көрүлбөй жатканы мени таң калтырат. Балдарыбыздан – бүтүндөй бир муундан ажырап калуу коркунучу турат", — деди ал.
"Өмүрдү тандоо" коомдук фондунун директору Анна Губаренко
Психиатр-нарколог Ирина Алымкулованын айтымында, кээ бир балдар башкалардан өзгөчөлөнүү үчүн синтетикалык каражаттарды колдонушууда.
"Бул дарылар мээни жабыркатат. Адамда шизотиптик бузулуу пайда болуп, интеллект жана окуу жөндөмдүүлүгү төмөндөйт", — деди адис.
Радио
Назаркулов: өлкөдө баңгизатка көз каранды болгондор көбөйүүдө