Шашылыш билдирүү! Алдыдагы аптада күн сууктайт

Кол чатыр кармап бартакан кыз. Архив
Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле жайыттарда мал кармоону кыйындатары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Алдыдагы аптада өлкө боюнча аба ырайы бузулуп, күн суук болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-октябрь түштөн кийин аба ырайы кескин өзгөрө баштайт. 12-13-октябрда ушундай абал сакталат. Ош, Баткенден башка аймактарда жаан, тоолуу жерлерде кар жаашы ыктымал.
14-16-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаап, бийик тоолуу аймактарда күндүн табы нөлдөн төмөндөшү мүмкүн.
Чүй өрөөнүндө 3…8, күндүз 7…12 градус;
Талас жергесинде 1…6, күндүз 5…10 градус;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 6…11, күндүз 11…16 градус;
Ысык-Көл ойдуңунда 1…6, күндүз 6…11 градус;
Нарын аймагында 0…5, күндүз 6…11 градус болот.
Тоолуу жана бийик тоолуу аймактарда -10 градуска чейин сууктайт.
Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле жайыттарда мал кармоону кыйындатары кошумчаланды.
Мусулмандар көрүстөнү. Архив
Көрүстөнгө эстелик орнотуунун нускамасын киргизүү каралууда