Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Элчилик АКШга Киевдин химиялык куралды колдонуу планы боюнча эскертти

Дипломатиялык миссия НАТО Украинага жаманатты кылган планды аткаруу үчүн уулуу заттарды аныктап-табуучу 70 даана заманбап жабдуу бергенин кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Россиянын Вашингтондогу элчилиги Украина Батыштагы союздаштарынын жардамы менен согуш болуп жаткан аймактарда чагымчыл бир катар иштерди жасоону пландап жатканы, анын ичинде химиялык куралды колдонору боюнча маалыматтар бар экенин айтты. РИА Новости бул кабарды Newsweek басылмасына таянып билдирген.
"Биздин колубузда Батыштын колдоосу менен Украина атайын операция жүрүп жаткан аймактарда химиялык куралдарды пайдаланып антироссиялык бир нече чагым жасай турганы боюнча шексиз маалыматтар бар. Учурда Киев режими кураторлору менен Химиялык куралды колдонууга тыюу салган конвенцияны бузду деп Россияны жаманатты кылып, күнөөлөө үчүн даярдык көрүүдө", — деп дипмиссия Newsweek басылмасына айтып берген.
Элчиликтин маалыматы боюнча, НАТО Украинага бул планды аткаруу үчүн уулуу заттарды аныктап тапчу 70 даана заманбап жабдуу берген. Ал эми украиналык күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Украина менен НАТОнун борборлорунда окутуулардан өткөн. Бул нерсе далилдерди жасап, даярдап ал "продукцияны" Химиялык куралды колдонууга тыюу салган эл аралык уюмга (OPCW) өткөрүп берүү жол-жоболорун үйрөтүү үчүн жасалган.
Буга чейин РФтин OPCW алдындагы өкүлү жана Нидерландиядагы элчиси Владимир Тарабрин Россия аталган уюмга Украинанын химиялык куралды колдонгон учурлардын кесепетин көрсөткөн изилдөөнүн жыйынтыгын берип жана бул маалыматка өтө олуттуу кароону суранганын айткан эле. Ал Россия тарап OPCW уюмуна Киевдин мындай куралды пайдаланган фактыларын дайыма маалымдап турганын айткан.
Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык жактан коргоо бөлүгүнүн жетекчиси Игорь Кириллов Украина атайын операция учурунда ууландырган заттарды колдонуп жатат деп Россияны күнөөлөө үчүн чагым даярдап жатканын билдирген. Ал Киевдин чагымынан кийин Россияны жогорудагы конвенциянын мүчөсү катары укуктарынан ажыратуу боюнча чечим кабыл алынарын айткан. Кириллов Киев аны менен кошо эле РФтин ууландырган заттарды пайдаланганы боюнча "көз карандысыз" отчетунда "далилдерди" бере турганын кошумчалаган.
Коргоо министрлиги Украина Батыштагы кураторлорунун жардамы менен Химиялык куралды колдонууга тыюу салган конвенцияны дайыма бузуп келгендигин бир нече жолу белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ФСБ адамды ууландыра турган зат менен жасалчу терактыны алдын алды