Бишкекте жол боюнда соода кылгандар менен муниципалдык инспекция күрөшмөй болду

Белгиленбеген жерлерде соода кылгандарга 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык инспекциясы эми жол боюнда соода кылгандар менен күрөшүп, рейддерди өткөрө баштайт. Бул туурасында борбор калаанын мэриясынан билдиришти.
Буга чейин мыйзамсыз башаламан соодага каршы күрөштү райондук администрациялар жүргүзүп келген.
"Эми муниципалдык инспекция учурдагы мыйзамдарга ылайык чара көрөт. Белгиленбеген жерлерде соода жүргүзгөндөргө 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынат", — деп эскертти мэрия.
Эске салсак, буга чейин "Башаламан соода" аталышындагы рейдди Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматы башкармалыгы дагы жүргүзүп жатканы маалым болгон. Кайгуул кызматы жол боюна соода кылууга тыюу салынганын, анткени унааларды токтотуу дагы, өткөрүү дагы кыйынчылык жаратарын белгилеген.
Милиция башаламан соода кылгандарды (0312) 53-01-81 номерине кабарлап же (0509) 102-122, (0777) 102-102 WhatsApp номерлерине жазып коюуну өтүнөт.
Бишкектин бийлиги шаардыктарга өтүнүч менен кайрылды