Бишкек: бокс залдагы атышууда 2 киши көз жуумп, машыктыруучу жабыркаганы айтылды

Окуя борбордогу 7-кичи райондо бүгүн, 10-октябрда, болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкекте бизнес-өнөктөштөрдүн ортосундагы чатакташуу адам өлүмү менен аяктаганын ИИМ кабарлады.
Окуя борбордогу 7-кичи райондо бүгүн, 10-октябрда, болгон. Атышуудан бир киши каза таап, экөө жаракат алган.
"7-кичи райондо үйлөрдүн биринде атышуу угулган. Жеринде ыкчам-тергөө тобу иштеп, окуянын бардык жагдайлары такталууда. Алдын ала маалыматтарга таянсак, ок эки өнөктөштүн ортосундагы чырдан кийин атылган", — деп билдирди ИИМ.
Редакцияга кабарлаган ишенимдүү адамдардын берген маалыматында, окуя дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, боксчу Орзубек Назаровдун залында болгон. Алдын ала маалыматта, бокс боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Жылдызбек Ниязалиевге белгисиз адам келип, экөө чатакташа кеткен.
Келген киши Ниязалиевди жана дагы бир адамды аткан. Ок жеген адамдар каза болду деген ойдо куралчан киши өзүнө кол салган дешти. Ниязалиев аман калган.
Машыктыруучу жана келген киши бизнес-өнөктөштөр экенин билдиришти.
Ала-Букада трассадан ок атылып, шектүү кармалды. Видео