Билим берүү министрлиги 80 миң ноутбук сатып алат

Министрлик ноутбуктардын баасына мониторинг жүргүзүү үчүн коммерциялык сунуштарды күтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги мектептердин 80 миң мугалимин ноутбук менен камсыз кылууну пландоодо. Буга байланыштуу мекеме ноутбуктарды сатып аларын жарыялады.
Министрлик адегенде жеткирип берүүчүлөрдөн жана даярдоочу заводдордон коммерциялык сунуштарды күтөт. Анда жеткирүүнүн мөөнөтү да көрсөтүлүшү керек. Бул аракеттер министрликке ноутбуктарды сатып алуунун алдында анын баасына мониторинг жүргүзүүгө жардам берет. Баалары көрсөтүлгөн сунуштар 11-октябрь саат 14:00гө чейин кабыл алынат.
Ноутбук даярдаган тараптар же ноутбук менен иш жүргүзгөндөр сунуштарын edu@mail.gov.kg дарегине жөнөтүшү керек. Толук маалымат менен бул шилтеме аркылуу кирип таанышсаңыз болот.
Облустардагы мектептер "Евразия" уюмунан дагы 50 автобус алышты. Видео