Радио

Исаев: азыр дипломаттарга экономикалык тапшырмалар көп берилип жатат

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев учурда кыргыз дипломаттарына ишеним да, талап да күчөгөнүн айтты.
Sputnik
Кыргыз дипломаттары азыр заманбап дипломатияга басым кылууда. Ошол эле учурда классикалык үлгү менен айкалыштырып иш алып барып жатат. Бул тууралуу Асеин Исаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, СССР учурундагы жана азыркы ТИМ кызматкерлеринин ортосунда көп айырмачылык бар.
"СССР учурунда чет мамлекетте иштеген дипломаттардын башкы милдети ал жактагы саясат кандай өнүккөнүн, бизге көз карашын, социалисттик нукка кантип бурса болорун билүү болчу. Азыр жумуш башкача жүргүзүлөт. Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров бизге "Кыргызстанга керек нерселерди, өнүккөн өлкөлөрдүн жетишкен нерселерин алып келгиле" деген талап коюп жатат. Азыр баары бат өнүгүүдө, жасалма интеллект, жаңы технологияларды айтсак болот, ушунун баарын алып келгиле деген тапшырма берилүүдө. "Инвестиция тарткыла, заводдорго баргыла, жолуккула, ачык болгула, активдүү иштегиле" деген талап коюлуп жатат", — деди Исаев.
Ошондой эле ал өлкөгө инвестиция тартууда өтө кылдат жана жоопкерчиликтүү мамиле керек экенин ТИМ кызматкерлери жакшы түшүнөрүн кошумчалады.