Ал түптөлгөндө беш мамлекет: Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан мүчө эле. 2006-жылдын январында уюмга кошулган (бирок кийин эки жылдан кийин мүчө макамынан баш тарткан).
ЕврAзЭК учурунда Украина, Молдова жана Армения байкоочу макамында турган.
2003-жылы Евразиялык экономикалык коомчулук БУУнун Башкы ассамблеясынын байкоочу статусуна ээ болгон.
2016-жылдын 16-августунда Сочиде аталган коомчулукка мүчө мамлекеттердин президенттеринин жолугушусу өтүп, үч өлкө ЕврАзЭК менен Евразиялык экономикалык кеңештин алкагында Бажы союзун түзүүнү чечкен.
2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында ЕврАзЭКтин ишмердүүлүгүн 2015-жылдын 1-январынан тарта токтотууну чечишкен. Анын ордуна жаңы, Евразия экономикалык биримдиги келген.