11-октябрга карата аба ырайы

11-октябрда республиканын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жума күнү күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр, бийик тоолуу райондордо жаан, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +15…+20, Талас аймагында +14…+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көлдө +16...+21, Нарын жергесинде +15…+20 градус жылуу болот.
Бишкекте күндүн табы +17…+19 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында +23…+25 градуска жетет.
Шашылыш билдирүү! Алдыдагы аптада күн сууктайт