Гримерлук кесипте квалификацияны жогорулатуу канчалык маанилүү?

Sputnik
Бүгүнкү каарманыбыз Айгүл Мукеиева кино дүйнөсүнө күтүүсүздөн келип калган. Телевидениеде визажист болуп иштеп жатканда ага жөнөкөй гримм жасаган анчейин кызыктуу болбой, гриммдин оор түрүнө кызыгуусу арта баштаган. Мукеиеванын айтымында, ал балачагынан бери эле коркунучтуу кинолорго кызыгып, ал жактагы каармандардын гриммине суктанып келген. Эми болсо өзү өзгөчө каармандардын образын жасоодон ырахат алып жатканын билдирди. Ошондой эле ал жакынкы убакта Москва шаарына баарып, гриммдин оор түрүн жасоо боюнча билим аларын кошумчалады.