Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкектин түштүгүндө жайгашкан турак жай комплексинин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.Билдирүүгө ылайык, курулушту оъектинин кожоюну, Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев тааныштырган. Үйлөр мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында салынууда. Анда 17 кабаттан турган 24 үй курулат. 500 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга берилмекчи.Жаңы кичи район мурун таштанды басып, каралбай калган жерге курулууда. Мындан тышкары, бул жерде соода борборлору, балдар жана спорт аянтчалары, футбол талаасы, теннис аянтчасы жана бала бакчалар пайда болот. Долбоор 2028-жылы аяктай турганы айтылды.
Миң-Куштагы уулуу калдыктар сакталуучу жайлар эл аралык стандарттар боюнча рекуль-тивация-ланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, 10-октябрда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана "Росатом" корпорациясынын башкы директорунун орун басары Николай Спасский Миң-Кушка барышкан. Тараптар уран калдыктарын рекуль-тивация-лоо иштеринин жүрүшү менен таанышканы айтылды. "ӨКМ рекультивациялык иштерди активдүү жүргүзүп, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик тарабынан белгиленген эл аралык коопсуздук стандарттарын сактоодо. Учурда "Как" жана "Талды-Булак" калдык сактоочу жайларындагы иштер аяктады, ал эми "Туюк-Суу" калдык сактоочу жайындагы жумуштар соңуна чыгып калды", — деп айтылат маалыматта. Министр Ажикеев бардык иштер эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүлүп жатканын белгилеген. Ал эми "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун орун басары жетишилген прогрессти жогору баалап, Россия тарап бул демилгелерди колдоону улантууга даяр экенин ырастаган.
Өлкөдө быйыл балга болгон баа бир жарым эсе көтөрүлүп кеткендиктен аны экспортко чыгаруу татаалдашып калды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, былтыр балдын килограммы 200-250 сомдун тегерегинде болсо, быйыл баа кыйла көтөрүлүп, 350-400 сомду түздү. Ушундай факторлорду эске салганда балды чет өлкөгө экспорттоо басаңдай түшкөн. Айыл чарба министрлиги бул маселени чечүү максатында ар тараптуу иштер жасалып жатканын билдирип, бал өндүрүүчүлөргө продукциянын сапатын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө көңүл бурууга чакырды.
Алдыдагы аптада өлкө боюнча аба ырайы бузулуп, күн суук болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. Маалыматка ылайык, 11-октябрь түштөн кийин аба ырайы кескин өзгөрө баштайт. 12-13-октябрда ушундай абал сакталат. Ош, Баткенден башка аймактарда жаан, тоолуу жерлерде кар жаашы ыктымал. 14-16-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаап, бийик тоолуу аймактарда күндүн табы нөлдөн төмөндөшү мүмкүн.Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле жайыттарда мал кармоону кыйындатары кошумчаланды.