Күйүүчү майды маркалоо долбоорунун пайдасы менен катар кандай зыяны бар? Тактоочу жагдайлары тууралуу

Sputnik
Кыргызстанда күйүүчү майды маркалоо системасы 1-октябрдан баштап расмий ишке киргизилгенин Мамлекеттик салык кызматы билдирген. Ага ылайык “Ачык кеп” программасында аталган кызматтын өкүлү Бакыт Акматов менен “Учкун” ААКнын координатору Тыныстан Шабданов болуп бир катар суроолорго жооп берди. Өкмөттүн токтому менен “Учкун” акционердик коому отунду маркалоо оператору болуп аныкталган. Импорттолуучу жана өндүрүлгөн күйүүчү-майлоочу материалдарга молекулярдык маркерлер колдонулат.
Коноктордун айтымында 3 айлык мөөнөттүн алкагында иш толук жолго коюлат. Ал эми Нефтрейдрейлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов маркалоону колдоорун, алгач пилоттук долбоор катары киргизүү керектигин билдирди. Анын айтымында, кошумча чыгымдан күйүүчү май кымбатташы мүмкүн. Процедура бизнес өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүлбөй киргизилди, механизм жеңилдиктерди, алымча-кошумчаны талап кылат. Ал эми маркалоо иштерин сингапурдук компания алып бармакчы.