Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, өлкө башчы 11-октябрда Ашхабад шаарында түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган "Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи" аттуу эл аралык форумга катышмакчы. Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин жана башка өлкөлөрдүн башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.
Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун кызматтан кетүү боюнча өтүнүчүн канааттандырды. Базарбековдун судьялык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш президентке жөнөтүлдү. Эске салсак, 2022-жылдын февраль айында Жогорку соттун төрагалыгына дайындалган Замирбек Базарбеков кечээ өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.
Объектисинде 16 жаштагы өспүрүм учуп көз жумган курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулду. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим 9-октябрда кабыл алынган. "Ош шаарындагы Шамшиев көчөсү, 1 дарегинде курулуп жаткан турак үйдө адам өлүмүнө алып келген курулуш учурундагы коопсуздук техникасынын талаптарын бузууларга байланыштуу укук коргоо органдары тарабынан тергөө жүргүзүлүп, "Артвин групп кейджи" курулуш компаниясынын лицензиясынын колдонулушун токтото туруу чечими кабыл алынган", — деп айтылат маалыматта. 5-октябрда Ошто курулушта иштеп жаткан 16 жаштагы бала 13-кабаттан кулап кетип, каза болгон.
Өлкөдө каза болгондорго эстелик жана мемориалдык белгилерди/такталарды орнотуунун нускамасын киргизүү каралууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга жайгаштырылды. Анын негиздемесинде маркумдун көзү тирүүсүндө айткан керээзин эске алуу керектиги токтомдо камтылганы жазылган. Мындан тышкары, атайын көрүстөндөргө кошумча уруксаттар жана эрежелер колдонулары белгиленген. Ага ылайык, эстеликтин бийиктиги 2 метрге жана негизинин узун-туурасы 1,5 метрге чейин болушу шарт; Ошондой эле эстеликтеги жазуулар бир шрифт менен жазылып, аты-жөнү, туулган жана каза болгон даталар так көрсөтүлүшү керек; эстеликтерди жергиликтүү башкаруу органдарынын, Сөөк коюу кызматынын уруксаты менен гана адистештирилген уюмдар же тиешелүү квалификациясы бар адамдар гана орното алат. Буга чейин Садыр Жапаров элге кайрылып, көрүстөндөргө эстелик менен темир тосмолорду орнотпоого чакырган.
Москвада өткөн Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекет башчыларынын отурумунда Россиянын лидери Владимир Путин Шериктештиктин өлкөлөрүнө багытталган делегациялардын укуктук макамы туурасындагы конвенцияга кол койду. Документ Россия тарабынан иштелип чыккан. Ал — КМШ ТИМдеринин укуктук кызматтарынын консультативдик комитеттеринин жетекчилеринин көп жылдык ишинин жыйынтыгы. Конвенция КМШ менен Россиянын эл аралык укуктарынын өнүгүүсүнө маанилүү салым болмокчу. Документ КМШнын уставдык базасындагы мүчө мамлекеттердин делегацияларынын макамын жөнгө салуу жаатындагы укуктук боштукту толтурууга багытталган. Конвенция шериктештиктин иштешинин укуктук негиздерин, ошондой эле эл аралык укукту, анын ичинде мамлекеттердин суверендүүлүк теңдик принцибин чыңдоонун маанилүү элементи болуп саналат.