Мугалимдерге да мотивация керек! – педагогдор арасында өткөн иш-чара, сынактардын мааниси

Sputnik
Мугалим — балдардын билим жана тарбия алуусундагы негизги адам, Билим берүү тармагындагы башкы фигура десек болот. Анткени дал ушул адам аркылуу илим-билим, кийинки муунга өтүп турат. Бул адамдар мына ушундай улуу иш үчүн билимин, убактысын жана күч-аракетин окуучулардын келечеги үчүн сарпташат. Бүгүнкү берүүдө дал ушул кесиптин ээлери тууралуу, аларга көрсөтүлүп жаткан көмөктөр, мотивация берген иш-аракеттер, курчутуп турган сынактар тууралуу кеп кылдык.
Биздин суроолорубузга Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Салтанат Омурканова жооп берди.