Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленскийдин кеңсеси Украина боюнча II саммит ноябрда болбой калганын айтты

Зеленский Индиянын премьер-министрине АКШдагы шайлоого (ноябрга) чейин Украинадагы абалды жөндөө боюнча конференция өткөрүүнү сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Украина боюнча экинчи саммит ноябрда өтпөйт, бирок ага чейин көрүлгөн даярдык толугу менен бүтүшү керек. Мындай билдирүүнү Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Дарья Заривная жасаганын РИА Новости кабарлады.
"Ноябрда Экинчи тынчтык саммити болбойт. Бирок анын даярдыгы толук аякташы керек. Азырынча формуланын ар бир пункту боюнча тематикалык конференциялар өтүп жатат, аягында коммюнике кабыл алынат. Ошол документтердин негизги жоболору Экинчи саммиттин келечектеги тынчтык планынын негизи болот", — деген Заривная.
Кийинчерээк ал өзүнүн Telegram каналында Зеленскийдин "тынчтык формуласы" боюнча бир катар тематикалык конференциялар октябрда өтөрүн тактады. Бүткөндөн кийин Украина боюнча экинчи саммит качан болору чечилет.
Зеленский августтун соңунда Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге АКШдагы шайлоого (ноябрга) чейин Украинадагы абалды жөндөө боюнча конференция өткөрүүнү сунуштаган.
Ал буга чейин РФ өкүлдөрүн Украина боюнча экинчи саммитте көрүү пландары бар экенин айткан.
Украина боюнча биринчи конференция Швейцариянын Бюргенштогунда 2024-жылдын 15-16-июнунда өткөн.
Кремлде Украинанын жаңжалындагы кырдаалдан чыгуунун жолдорун Россиясыз караштыруу мүмкүн эместигин жана келечексиз экенин билдиришкен.
Конференциянын жыйынтыгы боюнча, биргелешкен коммюнике Запорожье АЭСин Киевдин көзөмөлүнө кайтарууга чакырат. Ошондой эле Кара деңизде жана Азов деңизинде эркин жүрүүгө, бардык согуш туткундарынын алмашуу жана бошотуу боюнча да айтылат. Документте жаңжалды токтотуу үчүн бардык тараптардын диалогу зарыл экендиги да белгиленген. Катышкан 91 тараптын ичинен коммюникени 76сы гана колдогон. Жыйынтыгында документке Армения, Бахрейн, Бразилия, Индия, Индонезия, Ливия, Мексика, Сауд Арабиясы, Түштүк Африка, Таиланд жана Бириккен Араб Эмирликтери кол койгон. Кийинчерээк Ирак, Иордания жана Руанда койгон колдорунан баш тарткан.
Буга чейин Владимир Путин Украинадагы чатакты жөнгө салуу боюнча демилге менен чыгып, Украина армиясын Россиянын жаңы аймактарынан алып чыгып кетери менен кармашты токтоторун жана сүйлөшүүгө даяр болорун билдирген.
2024-жылдын июнь айында РФ лидери ТИМ жетекчилиги менен жолукканда сүйлөшүүлөрдү баштоодогу шарттарды айткан. Алардын арасында Киев режиминин НАТОго кирүү ниетинен баш тартуусу жана демилитаризация, денацификациялоо да болгон.
Путин Россия жөнгө салган тынчтык сүйлөшүүлөр үчүн нейтралдуу, блоктон тышкары, өзөктүк куралы жок деген макамдагы постсоветтик республика болушу керектигин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Киевде Москвага аймактын бир бөлүгүн өткөрүп берүү талкууланып жатат