Дүйнөдө эмчек рагы боюнча маалымдуулукту жогорулатуунун бир айлыгы өтүүдө

Жыл сайын жер жүзүндө 2 миллиондон ашык адам бул ооруга чалдыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Дүйнөдө эмчек рагы боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуунун бир айлыгы өтүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бир айлык 1-октябрдан бери жүрүүдө. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча, жыл сайын дүйнөдө бул оорунун 2,3 миллионго жакын жаңы учуру катталат, анын ичинен 670 миңи өлүм менен аяктайт.
"Рактын бул түрүнө кабылган аялдар арасында өлүм да көп, ал жүрөк-кан тамыр ооруларынан кийин экинчи орунда турат. Эмчек рагы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө кездешет, өзгөчө жашы өткөн аялдарда көп болот", – деп айтылат маалыматта.
Дарыгерлер аталган илдет жаңы башталганда дээрлик белгилер болбой турганын, ошондуктан текшерүүдөн өтүп туруу маанилүү экенин белгилешет.
Оорунун белгилери:
эмчек оорутпайт, бирок анда шишик пайда болуп калышы мүмкүн;
анын көлөмү же формасы өзгөрүшү ыктымал;
териси тартылышкан өңдүү кысылат, айрым учурда териси кызарып кетет;
эмчектин үрпүнүн формасы, анын айланасынын өңү өзгөрөт;
эмчектен суюктук бөлүнүп чыга башташы мүмкүн.
Онкологдор аялдар андан кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү же шишиктин бар экенин байкаган соң дароо дарыгерге кайрылышы керектигин эскертишет.
Эмчек рагын эрте аныктоо — дарылоонун жалгыз ыкмасы. Медиктер эскертүү берди