Захарова: Батыштын саясатынан улам өзөктүк курал боюнча кооптонуулар күч алды

ТИМ өкүлү өзөктүк курал боюнча кооптуулуктар күч алганын, Россия бул боюнча АКШга эскертүү берерин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Россия Израилдин Дамаскидеги үйлөргө сокку урганын айыптайт жана Израилди башка мамлекеттин эркиндигин сыйлоого дагы бир ирет чакырат. Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова өлкөнүн тышкы саясаты тууралуу өткөргөн брифингде айтты.
ТИМдин расмий өкүлүнүн билдирүүлөрүнүн урунттуу учурлары:
Румыниянын Ростов-на-Донудагы Башкы консулдугу 14-октябрда ишин жыйынтыктайт. Бул — Бухаресттин кастарын тиккен мамилесине Москванын жообу;
Молдовада Россиянын мультфильмдерине бөгөт коюу менен өлкөнүн президенти Майя Санду жеке позициясынын ишенимсиз экендигине "кол койду";
Россия "Түндүк агым" боюнча иликтөөлөрүн өзүнүн ой-мүдөөсүнө жараша жарыялайт;
Европа биримдигинин Россияга каршы жаңы санкциясы легитимсиз, Брюссель эчак эле өз алдынчалуулугун жоготкон, азыр АКШ чийген чийинде иш кылат;
Батыштын саясатынын жыйынтыгында өзөктүк курал боюнча кооптуулуктар күч алды, Москва бул тууралуу АКШга жана анын союздаштарына эскертүү берет.
Захарова: Израилге жасалган чабуул — Байдендин администрациясынын ийгиликсиз иши