Депутаттар өкмөт мүчөлөрү аларды тоготпой жатканына даттанышты

Спикер Нурланбек Шакиев дагы минкаб башчысынын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевге кайрылып, айрым өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеш менен министрлер кабинетинин ортосуна жик салып жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында депутататтар мининстрлер кабинетинин мүчөлөрү аларды тоготпой жатканына даттанышты.
Алгач Марат Мураталиев Мамкурулуштун жетекчисинин орун басары өз укугунан аша чаап, анын ишине кийлигишкенин айтты.
"Таласта шайлоочулар менен жолугууга барганбыз. Саламаттык сактоо министри менен кошо Көпүрө-Базардагы бейтапканага кирип курулушу менен тааныштык. Анан Мамкурулуштун жетекчисинин орун басары чалып "силер не кирдиңер, минкабдын буйругу менен киргенге болбойт" деди. Ушул маселени карап койсоңор. Көзөмөл кылуу бул биздин укугубуз да. Өтө эле төмөндөп кете бербейли", — деди төрагага кайрылып.
Буга эл өкүлү Дастан Жумабеков кошулуп, минкаб мүчөсүнүн бул жоругун мыйзам бузуу катары кароого болорун айтты. Ал эми депутат Эрулан Көкүлов дагы минкаб мүчөлөрү өз милдеттерин так аткарбай жатканын белгиледи.
Спикер Нурланбек Шакиев дагы минкаб башчысынын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевге кайрылып, айрым минкаб мүчөлөрү Жогорку Кеңеш менен министрлер кабинетинин ортосуна жик салып жатканын айтты.
"Министрлер кабинетинин мындай бейтартип мүчөлөрүн сөзсүз жазалашыңыздар керек. Болбосо парламенттин жазалоого укугу дагы, мүмкүнчүлүгү дагы бар. Ошондой эле баяндамачылар мыйзам долбоорлоруна даярданбай келип жатат. Ошону дагы эске алып коюңуздар", — деди төрага.
Жыйынтыгында Бакыт Төрөбаев Таластагы окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрө турганын билдирди.
Салык жашыргандарга баканооздук кылгандарды сыйлоо сунушталды