Быйыл кышта жарык өчүрүлөбү? Энергетика министринин жообу

Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Быйыл электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурабайт, маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат Гуля Кожокулова "орто бизнес эмне кылышы керек, алар үчүн чектөөлөр киргизилеби?" деп сурады.
"Өчүрүүлөр болбойт. Орто бизнес иштеген жана иштей берет. Техникалык шарттарга ылайык, алар эртең менен жана кечинде, тагыраагы, электр энергиясына болгон керектөө күчөгөн учурда өздөрүн чектөөгө тийиш. Бул эрежени сактабаса ашыкча жүк болот", — деди министр.
Ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө күз-кыш мезгилине даярдык 85 пайызга аткарылды. Авариялык өчүрүүлөр жаан-чачындуу аба ырайынан, жайында жана кышында катуу шамалдан улам болот.
"Биз кышка даярбыз. Жылытуу мезгилине карата даярдыктын 85 пайызын бүтүрдүк, 1-ноябрга чейин толук аяктайт деп ишенем. 2024-2025-жылдарга карата 49 трансформатор орнотулуп, кубаттуулугу 485 мегаваттка көбөйдү", — деди Ибраев.
Ал эми Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев ТЭЦ кышка даяр экенин белгиледи.
"Иш дагы деле уланууда, бирок бизде иштеп жаткан генераторлор жана резервдер бар. Андыктан ТЭЦ жылытуу мезгилине даяр деп айтсак болот", — деди мэр.
Кыргызстанда айрым абоненттер үчүн электр энергиясынын тарифи көтөрүлдү