Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн электр энергиясын импорттоону улантат

Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Келерки жылы Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо пландалууда. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, быйыл план боюнча өлкөгө 3,2 миллиард киловатт-саат импорттолуп, анын 2,6 миллиарды келген.
Өлкөлөр боюнча бөлүнүшү:
Казакстан — 1 миллиард 330 миллион киловатт-саат (904 миллион алынды);
Россия — 80 миллион (73 миллион алынды);
Түркмөнстан — 1,5 миллиард (1 миллиард 160 миллион);
Өзбекстан — 485 миллион (418 миллион).
Министр келерки жылы чет өлкөдөн мындан да көп — 3,9 миллиард киловатт-саат электр энергиясын сатып алуу мерчемделип жатканын билдирди.
Өлкөлөр боюнча бөлүнүшү:
Казакстан —1,5 миллиард;
Россия — 200 миллион;
Түркмөнстан — 1,7 миллиард;
Өзбекстан — 500 миллион.
Ибраев чакан ГЭСтерди, энргиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүүнүн эсебинен импорттун көлөмү кыскарышы мүмкүндүгүн кошумчалады.
Жогорудагы өлкөлөрдүн ичинен Россия менен Казакстан — ЕАЭБге мүчө.
Садыр Жапаров КМШ саммитинин тар чөйрөсүндө сүйлөдү. Урунттуу учурлар