Садыр Жапаров Сельчук Байрактарды кабыл алып Даңк ордени менен сыйлады

Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Baykar Technology директорлор кеңешинин төрагасы Сельчук Байрактарды кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жолугушууда аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү жана коргонуу жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланган.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров Baykar Technology директорлор кеңешинин төрагасы Сельчук Байрактарды кабыл алды

2 / 3

Жолугушууда аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү жана коргонуу жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланган

3 / 3

Баарлашуунун жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана аскердик потенциалын чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Сельчук Байрактарды Даңк ордени менен сыйлады

"Баарлашуунун жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана аскердик потенциалын чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Сельчук Байрактарды Даңк ордени менен сыйлады. Өз кезегинде Сельчук Байрактар мамлекет башчысына канаттарында "Манас" эпосундагы негизги учурлар чагылдырылган "Акынжы" учкучсуз учуучу аппаратынын сувенир-макетин тартуу кылды", — деп жазылат маалыматта.
ЖМК Эрдогандын мураскери ким болушу мүмкүн экенин жазды