Көп эркелебеңиз! Шакиев Мамкурулуштун жетекчиси Орунтаевди катуу зекиди

Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Ар бийликтин учурунда эрке балдар болгон, бирок кези келгенде биринчи ошолор жазаланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаевге кайрылып жатып айтты.
Буга чейин депутат Марат Мураталиев Мамкурулуштун жетекчисинин орун басары өз укугунан аша чаап, анын ишине кийлигишкенин айткан. Муну эл өкүлдөрү мыйзам бузуу катары баалап, жооп берүүсүн талап кылышкан.
Парламентке чакырылган Мамкурулуштун башчысы Нурдан Орунтаев түшүнбөстүк болуп кеткенин, орун басарына эмнеге депутаттарды анын мекемесинен эч ким коштоп жүрбөгөнүн эле айтканын белгиледи. Бул жоопко спикер ынанбаган өңдүү.
"Айтылган сөз — атылган ок. Айткан соң аны жымсалдаштын кереги жок. Бул кечирилгис ката. Бүгүн дагы жыйынга атайын чакыруу менен келип жатасыз. Сиз эмне өзгөчөсүзбү? Көп эркелебеңиз! Ар бийликтин учурунда эрке балдар болгон сизге окшогон. Алардын тагдырын көргөнбүз, кези келгенде биринчи ошолор жазаланат. Эркелесеңиз да чолчоңдобой жүрүңүз, кулагыңызга күмүш сырга", — деп ачууланды Шакиев.
Курулуш компаниялары үйлөр менен бирге бала бакча, мектеп курууга милдеттендирилет