Бишкектеги балдар клиникасында баңгизат уурдады деген дарыгер кармалды

Шектүү баңгизат жана психотроптук каражаттарды уурдап, ири өлчөмдө зыян келтиргени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бишкектеги балдар клиникасында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатты уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 33 жаштагы анестезиолог-реаниматолог 1 340 ампуланы уурдаган.

"Ч.Т. аттуу шектүү 2023-жылдан бери Бишкек шаарындагы балдар клиникаларынын биринде иштеп келген. Ал медициналык жайдын директорунун атынан жасалма ишеним каттарды даярдап, баңгизат жана психотроптук каражаттарды уурдап, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген", — деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү соттук экспертизалар дайындалды.
Гонконгдо Кыргызстандан барган жүктөн 11,3 млн. сомдук баңгизат табылды