Курулуш компаниялары үйлөр менен бирге бала бакча, мектеп курууга милдеттендирилет

Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Министрлер кабинети курулуш компанияларын үйлөр менен бирге бала бакча жана мектеп курууга милдеттендирген норма иштеп чыгууда. Бул тууралуу парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Жыйында эл өкүлү Дастан Бекешев мектеп тартыштыгын чечүү зарылдыгы боюнча суроо узаткан.
"Эгерде көп кабаттуу үй курулуп жатса бизге курулуштун планын көрсөтүшөт, ал жерде канча тургун жашай турганын эсептейбиз. Буга ылайык, биз курулуш компанияларын социалдык объектилерди, бала бакча, мектептерди курууга милдеттендиребиз", — деди Бакыт Төрөбаев.
"Борбор калаада жер калбай калды го" деген депутатка минкаб башчысынын орун басары "биз муну түшүнөбүз" деп жооп кылды.
Ал эми билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Сауд өнүктүрүү фондунан 50 миллион доллар бөлүү боюнча келишимди ратификациялоо депутаттардын кароосуна коюларын билдирди.
"Президент бул каражатты Бишкекке мектеп жана бала бакча курууга жумшоону тапшырды", — деди Кендирбаева.
Депутаттар өкмөт мүчөлөрү аларды тоготпой жатканына даттанышты