Вице-мэр накталай жол кире эмнеден улам көтөрүлүп жатканын түшүндүрдү

Мэрдин орун басары демилге көмүскө кетип жаткан каражатты бюджетке түшүүрүү максатында көтөрүлгөнүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Автобус айдоочулары планды аткарып, чөнтөгүнө да акча салып кетиш үчүн кубалашып айдап жатышат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев билдирди.
Анын айтымында, калаада күнүнө 1200дөн көп автобус каттамга чыгат. Ал эми жол кирени кымбаттатуу демилгеси көмүскө кетип жаткан каражатты бюджетке түшүрүү максатында көтөрүлгөнүн белгилеген.
"Тулпар" жана банктын карталары менен жол кире 17 сом. Ал эми бир айлык жол акы (проездной) чоңдор үчүн 1050 сом, балдар үчүн 360 сом, каалашынча жүрө алышат. Накталай төлөм 20 сом. Эми эмне үчүн талкууга чыгардык? Жол кирени накталай эмес, "Тулпар" картасын алгыла да, 17 сомдон жүрө бергиле деп жатабыз. Мисалы, бир сааттын ичинде каттам алмаштырсаңыздар ошол эле 17 сом менен жүрсөңүздөр болот дегенди да карап көрсөңүздөр", — деген Ырсалиев.
Ал накталай төлөнгөндө айдоочуга тоскоол болуп, ошону менен бирге анын сол чөнтөгүнө салым кошулуп жатканын белгилеген.
"Автобустарды аяшпай айдап, талкаланып жатканына күбө болуп жатабыз. Жүргүнчүгө келсек, мисалы, 1000 сомдук акча берип койсо майдалап, 20 сом алыш үчүн жолду карабай алаксып кетип жатышат. Планды аткарып, чөнтөгүнө да акча салып кетиш үчүн кубалашып айдап жаткандарын көрүп жатасыздар", — деген вице-мэр.
Жыйынтыгында ал элди талкууга активдүү катышууга чакырып кеткен.
Эске салсак, муниципалитет коомдук транспортто накталай төлөнгөн жол кирени көтөрүүнү сунуштаган. Демилге калкты электрондук төлөм системасын колдонууга кызыктыруу максатында сунушталып жатканы айтылган болчу.
Бишкекте коомдук транспортто жол кире төлөө системасын өзгөртүү каралууда