Комиссия: КМШ менен кызматташуу ЕЭКтин салттуу артыкчылыгы болуп саналат

Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. КМШ менен кызматташуу Евразия экономикалык комиссиясынын эл аралык күн тартибиндеги салттуу артыкчылык болуп саналат. Бул тууралуу ЕЭК маалымат кызматы билдирди.
Комиссиянын төрагасы бир күн мурун Москвада өткөн КМШнын саммитине катышканы белгиленди.
"КМШ менен кызматташуу Евразия экономикалык комиссиясынын эл аралык күн тартибиндеги салттуу артыкчылык болуп саналат. Шериктештиктин аткаруу комитети менен биргелешкен иш-чаралардын эки планы ишке ашырылып, үчүнчүсү даярдалууда", — деп айтылат маалыматта.
2021-жылдан тарта ЕАЭБ жана КМШ алкагында иштелип чыккан ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорунун ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу боюнча Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарын жана Шериктештиктин ченемдик укуктук базасын интеграциялоо боюнча тынымсыз иштер жүргүзүлүүдө.
"Евразия мейкиндиги уникалдуу соода-экономикалык, транспорттук жана логистикалык артыкчылыктарга ээ. ЕАЭБдин жана КМШнын оюнчуларынын потенциалын бириктирүү бул кызматташтыктын эффективдүүлүгүн кыйла күчөтүшү мүмкүн", — деди маалымат кызматы.
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн электр энергиясын импорттоону улантат