Улуттук банк 54,5 миллион доллар сатты, чет элдик валюта кымбаттоодо

Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. 8-октябрь күнү Улуттук банк валюта рыногуна 54,5 миллион доллар сатканын кабарлады.
Бул — башкы банктын октярь айындагы биринчи интервенциясы. Эскерте кетсек, доллар баанын олку-солкулугун ооздуктап туруу үчүн сатылып жана сатып алынып турат.
Шейшемби күнгө караганда доллардын курсу 26 тыйынга көтөрүлгөн. Ушу тапта америкалык валюта банктарда да 85,6 сомдон (шейшемби күнү 52,25тен 85,35ке чейин сатылган), акча алмаштыруучу жайларда да ушундай эле баада сатылып жатат.
Кыргызстанда долларлык депозиттердин үлүшү азайды