Радио

Маматов: быйыл Кара-Кеченин көмүрү 500 сомго кымбаттады

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов Кара-Кече көмүрүнүн баасы эмне себептен көтөрүлгөнүн түшүндүрдү.
Sputnik
Быйыл Кара-Кеченин көмүрү былтыркыга салыштырмалуу 500 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Кайрат Маматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кара-Кеченин кара алтыны оор жүк ташыган унаалар менен алып келинет.
"Кара-Кече көмүрүн жеринен жүктөө баасы былтыр 1 700 сомдон болсо, быйыл 2 200 сомго жетти. Негизинен көмүрдүн чыгымын эсептесек 2 500 сомго чейин барууда. Кара-Кече кени абдан чоң, ал жерде 512 жумушчу иштейт. Тоолуу, бийик жерде жайгашкандыктан дагы көмүр оор жүк ташыган унаалар менен алып келинип, жолго чыгым көп кетүүдө. Унаа кенге чейин да бош барат. Ошондуктан импорттолгон көмүр менен Кара-Кече көмүрүнүн баасында бир аз гана айырма болууда. Коңшу Казакстанда кара алтын ачык жерден казып алынып, бизге темир жол аркылуу жеткирилет. Жол азабын тартышпайт. Ал эми бизде Кара-Кечеден асфальтталган жолго чейин 40-45 чакырым жол жүрүшөт. Тагыраагы, бизде ташып келүү кызматы менен көмүр 5 000 сомдон жогору сатылууда. Мындан улам аймактар боюнча да көмүрдүн баасында айырмачылыктар болуп жатат. Республика боюнча калкты арзан жана сапаттуу көмүр менен камсыздоо аракеттерин көрүүдөбүз", — деди Маматов.
Жетекчи ошондой эле "Кыргыз көмүр" ишканасынын 700 миллион сомдун тегерегинде карызы бар экенин кошумчалады.