Израилдин соккусунан Газада 42 миң киши каза болду

Кырдаал былтыркы жылдын октябрь айынан тарта катаалдашып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа секторунда Израилдин соккусунан каза болгондордун саны 42 миңден ашты. Бул тууралуу анклавдын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.
Ведомствонун билдирүүсүндө, акыркы 24 саатта Газа секторунун ооруканаларына 45 сөөк жана 130 жабыркаган киши алып келинген.
"Былтыркы жылдын 7-октябрынан бери көз жумгандардын саны 42 010 кишиге жетти, 97 720 адам жабыркады", — деп айтылат маалыматта.
Израиль 2023-жылдын 7-октябрында Газа секторунан катуу чабуулга туш болгон. Андан соң Палестинанын ХАМАС кыймылынын жоокерлери чектеш аймактарга кирип, ок атылып, 200 кишини барымтага алышкан.
Израилдин коргонуу армиясы Газа секторунда "Темир кылыч" операциясын баштаган эле. Түштүк жана түндүк бөлүккө бөлүнүп калган анклав суусуз, электр энергиясыз, азык-түлүк жетпей, дары-дармексиз калган. Израиль ушу тапта ХАМАСтын жайгашкан жери деп Рафакта кургактан операция жүргүзүп жатат.
РФ ТИМи тараптарды согуш отун токтотууга чакырып келет. Москванын позициясына ылайык, абалды борбору Чыгыш Иерусалимде жайгашкан 1967-жылы БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан бекитилген чек арасы менен Палестина мамлекет түзүү аркылуу жөнгө салса болот.
Пентагон: АКШ Иран менен согушууну көздөбөйт жана Израилден так жооп күтөт