Бишкектиктер Донбасстагы балдарга китептердин топтомун беришти

Анын ичинде дүйнөлүк жана орус адабиятынын алтын фондуна кирген чыгармалар, балдар адабияттары, Чыңгыз Айтматовдун эмгектери бар.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бишкекте донбасстык балдар үчүн китептердин топтому тапшырылганын "Дидактика" коомдук фонду маалымдады.
Уюмдун өкүлдөрү аталган аймактын мектеп жана шаардык китепканалары үчүн китептерди чогултушкан. Анын ичинде дүйнөлүк жана орус адабиятынын алтын фондуна кирген чыгармалар, балдар адабияттары, кыргыз жомоктору жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары бар.
Китептерди Свердлов облустук өкмөтүнүн жана "Георгий Победоносец" кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү кабыл алышты. Алар Бишкекке иш сапары менен келишкен.
"Биз боордош кыргыз элинен үчүнчү ирет ушундай жардамды алуудабыз. Айланабызда жакшы иштерди жасагандар көбөйүп жатканына кубанычтабыз, алдыда дагы тыгыз кызматташабыз", — деп билдирген "Георгий Победоносец" кайрымдуулук уюмунун директору Михаил Биричевский.
Россотрудничество Кыргызстандагы мектептерге 3000 китеп берди