Пентагон: АКШ Иран менен согушууну көздөбөйт жана Израилден так жооп күтөт

Вашингтон өзүнүн Жакынкы Чыгыштагы союздашынан алдыдагы кадамдары боюнча так жооп алууну мерчемдеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. АКШ Иран менен согушууну көздөбөйт жана аны менен катар эле Израилдин Тегеранга карата жооп кылчу аскердик пландары боюнча так позициясын билүүгө умтулат. Бул туурасында РИА Новости Пентагондун маалымат катчысынын орун басары Сабрина Сингхтин айтканына таянып жазды.
"Биз так түшүндүрдүк: Иран менен согушту көздөбөйбүз", — деген Сингх брифинг учурунда.
Маалымат катчынын орун басары муну АКШ Израиль армиясы жакында Иран жасаган ракета чабуулуна жооп катары кол салса Тель-Авивди колдойбу деген суроого жооп берип жатканда айткан.
Пентагон өкүлүнүн билдиргенине таянсак, Вашингтон өзүнүн Жакынкы Чыгыштагы союздашынан алдыдагы кадамдары боюнча так жооп алууну көздөйт.
"Биз буга кандай жооп болорун болжолдоп, алдын ала айта албайбыз", — деген аткаминер.
Эске салсак, 1-октябрдын кечинде Иран Израилге 200дөн 500гө чейин ракета учурган. Муну коргонуу деп аташкан. Ислам революциясынын сакчылар корпусу ракеталык сокку Ирандын союздашы "Хезболланын" лидери Хасан Насрулла менен ХАМАСтын жетекчиси Исмаил Ханияны өлтүрүүгө жооп иретинде жасалганын билдирген. Ал эми Израиль аскерлери 180ге чукул баллистикалык ракета кое берилип, анын арбынын келип тийгенче эле жолдон тосуп алып, талкалагандыктарын айтышкан.
РФ ТИМ өкүлү Мария Захарова АКШнын Жакынкы Чыгыштагы кадамдары ийгиликсиз болуп калгандыгын белгилеген. Ак үйдүн билдирүүлөрү кризистерди чечүүдө эч нерсеге жарабай калганын кошумчалаган.
Песков: Москва Жакынкы Чыгыштагы согушкан тараптарды сабырдуулукка чакырат