Кыргыздар ким болгон жана алгачкы ирет тарыхта качан эскерилген? Тарыхчы менен маек

Sputnik
Кыргыз этносунун качан пайда болгону тууралуу түрдүү божомолдор айтылып келет. Ошону менен катар эле алардын жашаган чөлкөмү боюнча да талаш-тартыштар жок эмес. Айрым окумуштуулар азыркы Кыргызстандын аймагын аташса, башкалары Монголиянын батыш бөлүгүн жердеген деп жазышат.
Биз бүгүнкү “Кеменгер” уктуруусунда кыргыздар ким болгон? Каерди мекендешкен? Көчмөн жашоосу каяктан башталган? Кимдер менен достошуп, кимдер менен жоолашкан? Кыргыз дөөлөтү деген аталыш менен тарых барактарында сакталып калган доор кантип түзүлгөн? Аны ишке ашырган Барсбек ким эле? Деген суроолорго жооп алабыз.