Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров Байкар компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Сельчук Байрактарды кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү жана коргонуу жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланган. Баарлашуунун жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана аскердик потенциалын чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Сельчук Байрактарды Даңк ордени менен сыйлаган. Өз кезегинде Сельчук Байрактар мамлекет башчысына канаттарында "Манас" эпосундагы негизги учурлар чагылдырылган "Акынжы" учкучсуз учуучу аппаратынын сувенир-макетин тартуу кылган.
Быйыл электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурабайт, маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. "Өчүрүүлөр болбойт. Орто бизнес иштеген жана иштей берет. Техникалык шарттарга ылайык, алар эртең менен жана кечинде, тагыраагы, электр энергиясына болгон керектөө күчөгөн учурда өздөрүн чектөөгө тийиш. Бул эрежени сактабаса ашыкча жүк болот", — деди министр. Ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө күз-кыш мезгилине даярдык 85 пайызга аткарылды. Авариялык өчүрүүлөр жаан-чачындуу аба ырайынан, жайында жана кышында катуу шамалдан улам болот. Ал эми Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев ТЭЦ дагы кышка даяр экенин белгиледи.
Жыл башынан бери Бишкектеги троллейбустар менен автобустарда жол кире акысы 72 миллион жолу накталай эмес төлөнгөн. Бул тууралуу "Тулпар" операциялык долбоорунун директору Бекжан Акматбеков билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу үч эсе көп. Мындай рекорддук өсүш транспорттук парктын жаңыланышы жана QR төлөмдөрүнүн популярдуулугунан улам мүмкүн болгон. "Акыркы жылдары коомдук транспортту модернизациялоодо олуттуу иштер жасалды. "Тулпар" долбоорунун алкагында QR сыяктуу заманбап төлөм ыкмаларын колдонуу жарандар арасында тездик менен жайылды. 2024-жылы накталай эмес төлөнгөн сапарлардын орточо айлык саны 8 миллионго жетип, күнүнө орто эсеп менен 400 миң сапар накталай эмес төлөнөт", — деди Акматбеков.Сентябрь рекорддук ай болгон, анда накталай эмес система аркылуу 11 миллиондон ашуун жолу төлөнгөн.