Жогорку Кеңештин жыйынында депутататтар мининстрлер кабинетинин мүчөлөрү аларды тоготпой жатканына даттанышты. Алгач Марат Мураталиев Мамлекеттик курулуштун жетекчисинин орун басары өз укугунан аша чаап, анын ишине кийлигишкенин айтты. "Таласта министр менен кошо бейтапканага кирип курулушу менен тааныштык. Анан Мамлекеттик курулуштун жетекчисинин орун басары чалып "силер эмне кирдиңер, министрлер кабинетинин буйругу менен киргенге болбойт" деди. Көзөмөл кылуу бул биздин укугубуз", — деди Мураталиев. Төрага Нурланбек Шакиев дагы Бакыт Төрөбаевге кайрылып, айрым кызматкерлер Жогорку Кеңеш менен министрлер кабинетинин ортосуна жик салып жатканын айтты. Жыйынтыгында өкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаев Таластагы окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрө турганын билдирди.
Мунай затты өндүрүү боюнча сөз болгондо дүйнөдө мамлекеттер экиге бөлүнөт. Биринчиси — өндүргөндөр, экинчиси — керектөөчү өлкөлөр, Кыргызстан экинчисине кирет. Экөөнүн кызыкчылыгы эки башка. Мындай пикирин экономист Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан мунайды керектөөчүлөрдүн катарында болгонуна карабай арзан баада сатып алып келет. Буга ЕАЭБге мүчө болуусу себеп. "Мунай продукциялары, ошол эле күйүүчү майды сатып алууда Кыргызстан үчүн жакшы бир мүмкүнчүлүк бар. Ал — биздин ЕАЭБге мүчө болгондугубуз. Болбосо баа азыркыдан бир топ жогору болмок", — деди Мамытов. Ал Кыргызстанда да мунайды казып алууда алгылыктуу кадамдар башталганын жана кайра иштетүүгө да олуттуу көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.
Келерки жылы Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо пландалууда. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, быйыл өлкөгө 3,2 миллиард киловатт-саат импорттоо пландалган, анын 2,6 миллиарды келген. Министр келерки жылы чет өлкөдөн мындан да көп — 3,9 миллиард киловатт-саат электр энергиясын сатып алуу мерчемделип жатканын билдирди. Ошондой эле эле чакан ГЭСтерди, энргиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүүнүн эсебинен импорттун көлөмү кыскарышы мүмкүндүгүн кошумчалады.
Украина боюнча экинчи саммит ноябрда өтпөйт, бирок ага чейин көрүлгөн даярдык толугу менен бүтүшү керек. Мындай билдирүүнү Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Дарья Заривная жасаганын РИА Новости кабарлады. "Ноябрда Экинчи тынчтык саммити болбойт. Бирок анын даярдыгы толук аякташы керек. Азырынча формуланын ар бир пункту боюнча тематикалык конференциялар өтүп жатат, аягында коммюнике кабыл алынат. Ошол документтердин негизги жоболору Экинчи саммиттин келечектеги тынчтык планынын негизи болот", — деген Заривная. Кийинчерээк ал өзүнүн Telegram каналында Зеленскийдин "тынчтык формуласы" боюнча бир катар тематикалык конференциялар октябрда өтөрүн тактады. Бүткөндөн кийин Украина боюнча экинчи саммит качан болору чечилет. Зеленский августтун соңунда Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге АКШдагы шайлоого чейин Украинадагы абалды жөндөө боюнча конференция өткөрүүнү сунуштаган.