Өлкөдө тартип бузган жүргүнчү, жүк ташуучу унааларга 5 миллинондон ашуун айып пул салынды

Sputnik
Өлкөдө жүргүнчү, жүк ташуучу унааларга карата рейд жүрдү. Күчөтүлгөн көзөмөлдүн жүрүшүндө 46 миң 920 транспорт текшерилди. Жыйынтыгында тартип бузган айдоочууларга 739 протокол түзүлүп, 5 миллион 621 миң 500 сом айып пул салынды. Анын ичинде эл аралык жүргүнчү, жүк ташуучу унаалар дагы бар. Рейддин жүрүшүндө алыска жол тарткан транспорттордун айдоочуларына кышка даярдык көрүү жана керектүү шаймандарды алып жүрүү боюнча алдын ала маалымдоо, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул тууралуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Транспорттук көзөмөл башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Доолетов маалымдады.