Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Кутмандуу күнүңүздөр менен! Эфирде жаңылыктар. Микрофондо Кенжебай Сатканалиев. Бул чыгарылышта:Вице-мэр накталай жол кире эмнеден улам көтөрүлүп жатканын түшүндүрдүПентагон АКШ Иран менен согушууну көздөбөйт жана Израилден так жооп күтөрүн билдирдиДүйнөдө көкүрөк рагы боюнча маалымдуулукту жогорулатуунун бир айлыгы өтүүдө.Алдыда кененирээкДүйнөдө көкүрөк рагы боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуунун бир айлыгы өтүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бир айлык 1-октябрдан бери жүрүүдө. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча, жыл сайын дүйнөдө бул оорунун 2,3 миллионго жакын жаңы учуру катталат, анын ичинен 670 миңи өлүм менен аяктайт. "Рактын бул түрүнө кабылган аялдар арасында өлүм да көп, ал жүрөк-кан тамыр ооруларынан кийин экинчи орунда турат. Көкүрөк рагы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө кездешет, өзгөчө жашы өткөн аялдарда көп болот", – деп айтылат маалыматта. Дарыгерлер аталган илдет жаңы башталганда дээрлик белгилер болбой турганын, ошондуктан текшерүүдөн өтүп туруу маанилүү экенин белгилешет.Онкологдор аялдар андан кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү же шишиктин бар экенин байкаган соң дароо дарыгерге кайрылышы керектигин эскертишет.
8-октябрь күнү Улуттук банк валюта рыногуна 54,5 миллион доллар сатканын кабарлады. Бул — башкы банктын октярь айындагы биринчи интервенциясы. Эскерте кетсек, доллар баанын олку-солкулугун ооздуктап туруу үчүн сатылып жана сатып алынып турат. Шейшемби күнгө караганда доллардын курсу 26 тыйынга көтөрүлгөн. Ушу тапта америкалык валюта банктарда да 85,6 сомдон, шейшемби күнү 52,25тен 85,35ке чейин сатылган, акча алмаштыруучу жайларда да ушундай эле баада сатылып жатат.
Автобус айдоочулары планды аткарып, чөнтөгүнө да акча салып кетиш үчүн кубалашып айдап жатышат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев билдирди. Анын айтымында, калаада күнүнө 1200дөн көп автобус каттамга чыгат. Ал эми жол кирени кымбаттатуу демилгеси көмүскө кетип жаткан каражатты бюджетке түшүрүү максатында көтөрүлгөнүн белгилеген."Тулпар" жана банктын карталары менен жол кире 17 сом. Ал эми бир айлык жол акы (проездной) чоңдор үчүн 1050 сом, балдар үчүн 360 сом, каалашынча жүрө алышат. Накталай төлөм 20 сом. Эми эмне үчүн талкууга чыгардык? Жол кирени накталай эмес, "Тулпар" картасын алгыла да, 17 сомдон жүрө бергиле деп жатабыз", - деген аткаминер.Ал накталай төлөнгөндө айдоочуга тоскоол болуп, ошону менен бирге анын сол чөнтөгүнө салым кошулуп жатканын белгилеген.Жыйынтыгында ал элди талкууга активдүү катышууга чакырып кеткен.
АКШ Иран менен согушууну көздөбөйт жана аны менен катар эле Израилдин Тегеранга карата жооп кылчу аскердик пландары боюнча так позициясын билүүгө умтулат. Бул туурасында РИА Новости Пентагондун маалымат катчысынын орун басары Сабрина Сингхтин айтканына таянып жазды. "Биз так түшүндүрдүк: Иран менен согушту көздөбөйбүз", — деген Сингх брифинг учурунда. Маалымат катчынын орун басары муну АКШ Израиль армиясы жакында Иран жасаган ракета чабуулуна жооп катары кол салса Тель-Авивди колдойбу деген суроого жооп берип жатканда айткан. Пентагон өкүлүнүн билдиргенине таянсак, Вашингтон өзүнүн Жакынкы Чыгыштагы союздашынан алдыдагы кадамдары боюнча так жооп алууну көздөйт. "Биз буга кандай жооп болорун болжолдоп, алдын ала айта албайбыз", — деген аткаминер.