Дыйкандын жүгүн жеңилдеткен заманбап техникалар – Кыргызстан качан өзү айыл чарба техникаларын чыгара баштайт?

Sputnik
Ата-бабадан калган “Жаз жарыш - күз күрөш” деген сөз бар. Бул сөз айрыкча дыйкандарга көбүрөк тиешелүү. Жазда эксе, күздө жыйнап күркүрөтө эмгек кылат. Берекелүү күздөгү бул берүүбүздө дал ушул дыйкандын оорун колдон, жеңилин жерден алып жардам берген айыл чарба техникалары тууралуу кеп кылдык.
Бул жааттагы суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директору Нурланбек Кожогулов жооп берди.