Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Өлкөдө II чейректе мектептерге электрондук күндөлүк киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, учурда мектептер үчүн мамлекеттик электрондук күндөлүктү түзүү иштери аяктап калды. "Үстүбүздөгү окуу жылынын экинчи чейрегинен тарта жарандар билим берүү процессин башкарууну, билим берүүнүн сапатын баалоону жана окуу-методикалык материалдарды бириктирген биринчи улуттук портал болгон бул инновациялык инструментти пайдалана алышат", - деп айтылат маалыматта. Электрондук күндөлүк ачык-айкындуулукту жогорулатууга, мектеп, окуучулар жана алардын ата-энелери ортосундагы өз ара байланышты жакшыртууга, ошондой эле окуу процессин оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.Министрлик тарабынан иштелип чыккан электрондук күндөлүк окуучулар жана алардын ата-энелери, мектептер үчүн акысыз болору кошумчаланды.
Сокулук районунда жайгашкан "Агропродукт Азия" Кыргызстанда жаңы мөмө-жемиштерди муздак сактоочу биринчи ишкана. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Компаниянын жалпысынан 7 миң тонна сыйымдуулуктагы эки кампасы бар. Ишкана өндүргөн продукциянын 90%дан ашыгы Россиянын “Магнит”, “Пятерочка”, “Лента” сыяктуу чоң соода тармактарына экспорттойт. 3 жыл аралыгында компания 8 миң тоннадан ашык продукцияны, анын ичинде алма, жүзүм, шабдалы, сабиз, картошка, пияз, капустаны экспорттогон. "Агропродукт Азияда" алма менен сабизди жууп, сорттоп жана таңгактоо үчүн автоматтык линиялары дагы бар. Компания өзүнүн чийки зат базасын түзүү максатында 5 сорттон турган 100 гектар интенсивдүү алма багын отургузган. Көчмө жыйындын жыйынтыгында ички рынокту камсыздоо, ишкананын продукцияларын Кытайга жана башка кошуна мамлекеттерге экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, бир катар чечимдер кабыл алынды.
10-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, "Запад-2" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 10-октябрда саат 9:00дөн 00:00гө чейин суу өчүрүлөт. Ала-Арча суусу- темир жол - Жибек -Жолу пр. - Ж. Гвардия бульвары менен чектешкен аймакта жана Жаш Гвардия бульвары - темир жол –Фрунзе көчөсү.– Манас проспектисиндеги жерлерде ошондой эле Ден Сяопин проспектиси - Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев– Кулиев – Москва –Фучик –Казаков көчөлөрүндө суу болбойт. Мындан улам мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.