Путин: КМШ өлкөлөрү Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын бирге белгилейт

Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. - Sputnik. 2025-жылы шериктештикке кирген өлкөлөр Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын биргеликте белгилешет. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.

"2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын биргеликте белгилейбиз. Шериктештик өлкөлөрүндө бул улутчулдукка каршы күрөштө тынчтыктын жана биримдиктин жылы болот", – деди Путин КМШ саммитинин тар чөйрөдөгү жыйынында.

Путин: КМШ өлкөлөрү – биздин эң жакын коңшуларыбыз жана досторубуз. Видео