"Промсвязьбанк" эсеп жүргүзүүдө мамлекеттер аралык уникалдуу ыкма иштеп чыкты

ПСБдин бул платформасы россиялык компаниялардын тышкы соода келишимдериндеги бардык төлөмдөрүн үзгүлтүккө учуратпай өз учурунда төгүүгө жардам бермекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. "Промсвязьбанк" (ПСБ) россиялык компаниялар каалаган өлкөнүн контрагенттери менен эсеп-кысап жүргүзө алган мамлекеттер аралык уникалдуу механизм иштеп чыкты. Бул туурасында аталган банктан билдиришти.
Бул — россиялык бизнестин эл аралык соода келишимдери боюнча эсеп жүргүзүшүнө ылайыкталган инфраструктура.
ПСБдин транс чек аралык эсептешүүлөр платформасы россиялык экспортчулар жана импортчулар үчүн ар кандай өлкөлөрдөгү контрагенттер менен тышкы соода келишимдерин каржылык жактан толук коштоону камсыздайт.
Банк иштеп чыккан уникалдуу бул жол тышкы экономикалык ишмердүүлүктө жүргөн россиялык ишкерлерге жана алардын соода өнөктөштөрүнө антироссиялык санкциялык басымдын шартында ишин алып барууга көмөкчү болмокчу. ПСБдин мамлекеттер аралык эсеп-кысап жүргүзүү боюнча бул платформасы россиялык компаниялардын тышкы соода келишимдериндеги бардык төлөмдөрүн үзгүлтүккө учуратпай, өз учурунда төгүүгө жардам берет.
Эсептешүүлөр банк тарабынан атайын түзүлгөн A7 компаниясынын негизиндеги каржы рыногунун жол-жоболорун колдонуу менен жүргүзүлөт.
"Россиялык импортчулар жана экспортчулар үчүн мамлекеттер аралык операциялардын үзгүлтүксүз болушун камсыздоо менен ПСБ иштеп чыккан механизм тышкы сооданы өнүктүрүүнүн жана жергиликтүү өнөр жайды, керектөө рыногун стимулдаштыруунун маанилүү бөлүгү болуп калат. Мындай долбоорду ишке ашыруу үчүн банк өлкөнүн экономикасы менен финансылык системасына катыша турган мамлекеттик өнүгүү жаатындагы кеңири инфраструктуранын башкаларга окшобогон жолун иштеп чыкты", – деди ПСБдин төрагасынын орун басары Михаил Дорофеев.
Акылбек Жапаров Россиянын банктарын Кыргызстанда филиалдарын ачууга чакырды